• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Бишкекте көпүрөнүн алдынан аялдын жансыз денеси табылды

14 Чын куран 2021 9:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы Кийизбаева жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү көпүрөнүн алдынан аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ИИМдин 102 кызматына аталган жерде жансыз дене жатат деген билдирүү келип түшкөн.

Айтылган дарекке ӨКМнын кызматкерлери барып жансыз денени көпүрөнүн алдынан алып чыгып, сөөктү милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 167