• Шаршемби 2 Бештин айы 2020

Бишкекте кафеден өрт чыкты

20 ноября 2020 в 15:30 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-ноябрда Свердлов районунда жайгашкан кафеде өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Чүй проспектисинде жайгашкан кафеден өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Министрликтин маалыматы боюнча, өрттү өчүрүүгө саат 14:54тө Свердлов райондук №3 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Кийинчерээк өрт «Greenwich» кафесинен чыкканы белгилүү болду.

Количество просмотров: 273