• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте калайман мушташка катышкандар изделип жатат

6 Жалган куран 2023 15:23 Бишкек Govori.TV

Бишкекте калайман мушташ уюштургандар изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, окуя 5-мартка караган түнү болгон.

“Абдырахманов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Бирок милиция окуя болгон жерге барганда эч ким аныкталган эмес. Факт райондук милицияда каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү башталып, шектүүлөрдү аныктоо иши жүрүп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 360