Бишкек шаарына караштуу Ленин районун Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, өрт тууралуу маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө ыкчам түрдө биринчи бөлүм саат 03: 46да чыгып кеткен. Өрттүн аянты чоң болгондуктан жерине КР ӨКМнен жалпы 7 бөлүм, 1 суу ташуучу, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары КР ИИМ кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада, Тез жардам кызматынан 1 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылды.
Такталган маалымат ылайык, өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук түрдө өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок. Кошумча маалымат берилет.