• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте Кан донорлорунун улуттук күнүнө карата бир жумалык акция башталат

24 Аяк оона 2018 12:18 Бишкек Govori.TV
Бишкек.24.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн Бишкекте Кан донорлорунун улуттук күнүнө карата бир жумалык акция башталат. Анын жыйынтыгы 28-сентябрда Мамлекеттик медицина академиясында чыгарылат.
Кан донорунун күнү Кыргызстанда жыл сайын сентябрь айынын акыркы жекшембисинде белгиленет.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, соңку 25 жылда өз ыктыяры менен кан тапшырган адамдардын саны кыйла кыскарганы байкалат.
Мисалы, 1985-жылы 178 миң донор бар болсо, 2016-жылы 39 миң гана болду. Ал эми былтыр 37 миңдин тегерегинде экени аныкталды.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стандарты боюнча 1 миң адамга 40 донор болушу керек, Кыргызстанда бул көрсөткүч 4тү гана түзөт.
Количество просмотров: 21