• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте канализация казып жаткандарды топурак басып калып, бири каза болду

9 Чын куран 202310:36 Бишкек Govori.TV

Бишкекте канализация казып жаткан эки адамды топурак басып калып, бири каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайы, кечээ, 8-апрелде Ленин райондук Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак урап түшүп, басып калгандыгы тууралуу маалымат 112 номерине кабарланган.

Жерине ыкчам түрдө ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.

Ошол жерден 1992-жылы туулган К. Б. уулуказа таап, анын сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Ал эми куткаруучулар тирүү чыгарган 1997-жылы туулган А. Т. аттуу экинчи жаран тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 427