• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Бишкекте кар тазалоо иштери уланууда

22 Бирдин айы 202417:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери көчөлөрдү кардан тазалоо иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, линияга 50 атайын техника чыкты, анын ичинде 27 кар тазалоочу МАЗ жана 1 ЗИЛ агрегаты, 2 алдынан жүктөгүч техника, 8 щетка жана күрөктүү «Беларусь» трактору, 5 универсалдуу УКМ- 2500 , 2 даана «Bobcat» кар тазалоочу техникасы, 1 даана карды өзү жүктөөчү техника, ошондой эле «Бишкек жашыл курулуш» ишканасынын 4 даана атайын техникасы бар.

Ошондой эле ишкананын 659 кызматкери тротуарларды, жол четиндеги бордюрларды тазалоодо.

Количество просмотров: 114