Санитардык-экологиялык инспекция Бишкек шаарында уруксат берилген мөөнөттөн эрте иштеп баштаган кафе жана ресторандарды аныктап, айып пул салууну улантып жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Бүгүн түнү «Pierre Coffee» кофейнясы жана «Istanbul» кафеси иштеп жатканы аныкталды, алар кызматкерлерди киргизүүдө баш тартты. Эки жайда тең санитардык нормалар сакталган эмес, кардарлар эс алып, кызматкерлер иштеп жатышкан. Кафе, ресторан жана тез тамактануучу жайлар азырынча тамак-ашты жеткирүү кызматын гана көрсөтө алат», — деп билдирди мэрия.
Бул факттар боюнча Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу, ыйгарым укуктуу органдын мыйзамдуу чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо — 2-категориядагы айып пул: физикалык жактар үчүн 3 миң сом, юридикалык жактар үчүн 13 миң сом салууга алып келет) менен протокол түзүлдү.
Акыркы жумада Санитардык-экологиялык инспекция тарабынан 53 протокол түзүлүп, өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузган ишканаларга 209 миң сом айып салынды.