Бүгүн, 12-ноябрда Бишкекте Кесиптик кошуундар федерациясынын өкүлдөрү нааразылык акциясына чыгышты. Федерациянын имаратында чогулгандар Өкмөт үйүнүн алдына чейин барып, жөө жүрүш уюштурушат.
Акциянын катышуучулары «Кесиптик кошуундар жөнүндө» жаңы мыйзамга каршы болушууда. Алардын айтымында, мыйзам долбоору парламентте регламентти бузуу менен каралып жатат.
Кошумчалай кетсек, аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кенештин бир нече депутаты иштеп чыгып, үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында парламент аны экинчи окууда кабыл алган болчу.