• Жекшемби 12 Бугу 2024
  • Воскресенье 12 Май 2024

Бишкекте кичи автобус менен жеңил унаа сүзүшүп, бир аял жаракат алды

17 Баш оона 2018 13:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.08.2018. Govori.TV
Бишкек шаарынын 7-апрель жана Медеров көчөлөрүнүн кесилишинде 13 жүргүнчүсү бар кичи автобус менен  жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу Бишкек ШИИББнын басма сөз кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, жол кырсыгы 16-августта болжол менен саат 20.30дар чамасында болгон. Кырсыктын кесепетинен унааны ичиндеги  улгайган аял жаракат алып ооруканага жаткырылды. Калгандары жеңил жараат алышкан.
Кырсыктаган унаалар атайын унаа токтотуучу жайга токтотулду. Учурда иликтөө иштери улантылууда.
Количество просмотров: 33