• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте кичи автобус менен жеңил унаа кагышып, 18 киши жабыркады (видео)

7 Жетинин айы 2021 15:46 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четинде эл ташыган кичи автобус менен Honda Odyssey үлгүсүндөгу жеңил унаа кагышып, бир киши көз жумду. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.

Кырсык 7-ноябрда Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинде түш ченде болгон. Каза тапкан адам кичи автобустун айдоочусу. Андан сырткары, 18 киши ар түрдүү жараат алышты.

Тартип сакчылар кырсыктын эмнеден келип чыкканын такташууда. Мурдараак эки адам өлгөнү тууралуу маалымат жаңылыш берилгенин Чүй облустук жол коопсуздугу башкы башкармалыгынан кошумчалашты.

Количество просмотров: 5359