• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты

1 Бештин айы 2020 10:45 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кинотеатр, фуд-корт жана компьютердик клубдар ишин жандантты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат жыйынында вице-мэр Айжан Чыныбаева билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 30-ноябрда шаардын аймагындагы ишкердик субъектилердин ишин жандандыруу боюнча токтомго кол коюлду.

“Ал мекемелерде санитардык талаптар аткарылышы керек. Алсак, кире бериште фильтр, бөлмөнү 15-20 мүнөт сайын желдетип туруу, социалдык аралыкты сактоо, жарандарда беткап болуп, шахматтык негизде отурушу керек”, — дейт ал.

Ошондой эле вице-мэр борбор калаадагы ресторан жана көңүл ачуучу жайлар ишин жандантып жатканын кошумчалап кетти.

Количество просмотров: 64