• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте киши өлтүрүүгө шектелип, өспүрүм балдар кармалды

23 Кулжа 202018:53 Бишкек Govori.TV

Бишкекте адам өлтүрүүгө шектелип 3 адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 23-июнда Бишкек шаарынын Павлов жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 30-35 жаштагы белгисиз адамдын  жансыз денеси табылган. 

«Көп өтпөй борбордогу Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинен 20 жаштагы А. К. менен 17 жаштагы С. Ж. жана Ч. И. аттуу балдар кармалган», — деп айтылат маалыматта.

Шектүүлөр Ленин районунун ИИБнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен кылмыш иши ачылган.

Количество просмотров: 680