Бишкектин Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери каракчылыкка шектелген төрт адамды кармашты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучу милицияга кайрылып, кол салуу саат 3:30дар чамасында Кулиев көчөсүндөгү дүкөндүн жанында болгонун айткан. Белгисиз адамдар ага бычак сайып (санына), телефонун, 45 миң сомун алып, качып кетишкен.
Милиция шектүү катары 20, 26, 27 жана 29 жаштагы төрт жигитти кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди.
Тергөө иши уланууда.