• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте коомдук транспорт качан жүрүп баштайт? Мэрдин жообу

11 Бугу 2020 15:57 Бишкек Govori.TV

Коомдук транспорт 11-майдан тарта жүрүп башташы керек болчу, бирок шаарда коронавирус жуккандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу аталган маселе жылдырылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн брифингде Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов билдирди.

Анын маалыматына караганда, коомдук транспортту ишке киргизүү илдетти жуктуруп алгандардын жана алар менен байланышта болгондордун санынан көз каранды болот.

«Балким, аталган маселе 20-майга жакын Республикалык ыкчам штабда каралышы мүмкүн», — деп айтты ал.

Эске сала кетсек, айрым аймактарга киргизилген өзгөчө абал режими 10-май саат 24.00дө аяктап, коменданттык саат жокко чыгарылды. Ал эми 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими улана берет.

Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт. Ошол эле учурда Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районун Каныш-Кыя айыл аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын оордугуна байланыштуу карантин киргизилди.

Андан тышкары, бүгүндөн тарта экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруунун экинчи баскычы ишке киргизилди.

Количество просмотров: 14102