• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бишкекте коронавирус 246 адамдан табылды

6 Бугу 2021 10:33 Бишкек Govori.TV

Бишкекте сутка ичинде коронавирус 246 адамдан табылды. Бул тууралуу Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын айтымында, Ленин районунда 88, Биринчи май районунда 44, Октябрь районунда 37, Свердлов районунда 37, башка аймактардан келгендерден 33 учур катталган.

“246 учурдун 68и ооруканада, 178и үй шартында дарыланууда. Мындан улам эл көп чогулган жерден оолак болууга чакырабыз. Ошондой эле айтты топтолуп өткөрбөө сунушталат”, — дейт ал.

Количество просмотров: 74