Бишкекте коронавирус инфекциясы дарыгердин баардык үй бүлө мүчөлөрүнө жуккан. Бул тууралуу № 17 үй бүлөлүк медицина борборунун башкы дарыгери Гульнара Ташибекова билдиргенин 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, дарыгердин үй бүлө мүчөлөрүнүн анализдери оң жыйынтык берген.
«Ооруну 2-категориядагы байланыштагы адамдар жугузуп алышкан. Алардын арасында үч чоң адам жана бир кичинекей 3 жаштагы бала бар. Баардыгы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жайгаштырылды. Абалдары канааттандырарлык», — деген ал.
Эске салсак, аталган ҮМБдин сегиз кызматкерлеринен коронавирус инфекциясы аныкталган. Учурда борбор жабылып, кызматкерлер изоляцияга алынган.