Бишкек шаарында кошунасын тапанча менен коркуткан жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-октябрь күнү болжол менен саат 00:40 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Бишкек шаарынын үйлөрүнүн биринде тапанча менен коркутуп жатат деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке Милициянын кайгуул кызматкерлери барган. Анда 1976-жылы туулган Г.Э аттуу аял арыз менен кайрылган. Ошол эле түнү болжол менен саат 00:30 чамасында 1981-жылы туулган В.А аттуу жаран арыз ээсин травматикалык тапанча менен өлтүрөм деп коркуткан.
«Жазылган арыздын негизинде Милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-аракетин уюштуруп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1981-жылы туулган В.А аттуу жаран кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришти»,-деп айтылат маалыматта.
Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана Жооруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 255-берененин (Куралды этибарсыз сактоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.