• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте курал колдонуп каракчылык кылган деп шектелген жаран кармалды

7 Тогуздун айы 2019 10:26 Бишкек Govori.TV

Бишкекте курал колдонуп каракчылык кылган деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу  Бишкек милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 4-октябрда Кавказ улутундагы белгисиз жаран аны эркине каршы батирлердин бирине камап, уруп-сабап, бычак жана ок атуучу курал менен коркутуп, 3 миң доллар акчасын алып кеткени тууралуу арызданган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринен шектүү кармалган. Анын үйүн тинтүү учурунда тапанча, бычак, баңгизаттар жана диний китептер табылган. 39 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди ,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, социалдык түйүндөрдө Бишкекте милиция кызматкерлеринин батирлердин биринде жүргүзүп жаткан операциясы тууралуу тасма тараган. Анда жашоочулары үйдүн ичинен кыйкырыктар угулуп жатканын, милиция кармалган жаранды сабап жатышы мүмкүн экенин баяндап жатканы көрсөтүлгөн.

Количество просмотров: 88