• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкекте кургак учук менен ооруган мугалим мектепте иштегенби?

5 Жалган куран 2020 16:17 Бишкек Govori.TV

Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган мугалим Бишкектин №38 мектеп-гимназиясында 7 күн иштеген. Бул тууралуу 24.kg агенттигине окурмандар билдирген.

Бирок гимназиянын директору Роза Жумалиева, маалымаатты четке кагып, окуучулар пландык медициналык текшерүүдөн гана өтүп жатканын айтат.

«Анын оорукана жатканын биз кийинчерээк билдик. Жаш мугалим университетти аяктаары менен 2019-2020-окуу жылында аталган гимназияга тарых сабагы боюнча жумушка орношкон. Аны менен катар ден-соолугунун сак экендигин тастыктаган санитардык текшерүүдөгү китепчесин тапшырган жана эч кандай жөтөлүү байкалган эмес. Ал тарых сабагынан эки класска сабак берген. Сентябрь айынын аягында ден-соолугу солгундап, ага байланыштуу өз каалоосу менен жумуштан кеткен», — деп билдирген директор.

Количество просмотров: 88