• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Депутат 15 окуучу кургак учук менен ооруганын айтты. Министрлик эмне дейт?

6 Жалган куран 202512:38 Бишкек Govori.TV

Кечээ, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камила Талиева Ак-Суу районунун Курбу айылындагы Чынтемир Осмонов атындагы мектепте 15 окуучу кургак учук менен ооруганын билдирген.

Буга жооп катары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, окуучулар арасында кургак учуктун массалык учурлары боюнча тастыкталган маалыматтар жок экенин айтты.

Кошумчалангандай, кургак учукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында облуста балдарды профилактикалык текшерүүлөр үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, абал адистердин көзөмөлүндө.

Ал эми облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Жаңыл Акунова буга байланыштуу төмөнкүлөрдү билдирди:

«Аталган мектепте 2023-жылы бир окуучу кургак учукка чалдыгып, аны менен байланышта болгон 10 бала дарыланып, баары айыккан. Былтыр эч ким ооруган эмес. Быйыл балдарга “манту” сайылып, көрсөткүчү жогору болгон 14 окуучу кургак учукту алдын алуу үчүн дарылануудан өтүүдө».

Количество просмотров: 178