• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте курсант кыз каза болду. Аны сүзгөн айдоочу изделүүдө

9 Үчтүн айы 202318:00 Бишкек Govori.TV

Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты каза болду. Маалыматты Govori.Tvга Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, кырсык 9-январь күнү 07:10 чамасында Жибек Жолу проспектиси менен Республика көчөсүнүн кесилишинде болгон.

«Жолдон өтүүгө аракет кылган учурда аны белгисиз унаа сүзүп кеткен. Катуу соккудан жабырлануучу каршы тилкеге ​​чыгып кетип, аны башка унаа тебелеп кеткен. Кыз ошол жерден каза болгон. Учурда айдоочунун өздүгү такталып жатат. Бизде алдын ала маалыматтар бар. Ички иштер министрлигинин Академиясынын курсанты 3 айлык даярдык курсунан өтуп жатканы белгилүү болду. Ал эртең менен сабакка бара жаткан»,-деп билдиришти мекемеден.

Количество просмотров: 576