12-октябрдын түнү саат үчтөрдө BMW M5 машинасынын 2005-жылы туулган И.Э. аттуу айдоочусу жүргүнчүлөрү менен Масалиев көчөсү менен батыш тарапка баратып, Байтик баатыр көчөсү менен кесилиште машинаны башкара албай, кырсыкка учураган. Машина четке сүрүлүп, астын-үстүн түшкөн.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, айдоочу ооруканага жеткирилип, бирок акыл-эсине келе албай жан берген. Дагы бир 2005-жылкы К.И. аттуу жүргүнчүнүн ийин сөөктөрү сынып кеткен.
Бул жол кырсыгы тиешелүү жерге катталып, керектүү экспертизалар жүргүзүлүп жатат. Ушул машинада болгон дагы эки жүргүнчүнүн абалы кандай экендиги такталууда.
Кырсыктын чоо-жайы боюнча бардык иликтөө иштери жүрүүдө.