• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекте курулуш компаниялардын биринин башкы директору кармалды

15 Жалган куран 2022 17:40 Бишкек Govori.TV

Курулуш компанияларнын биринин башкы директору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, УКМК “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери, жеке нотариусттардын жана Бишкек шаарындагы курулуш компаниялардын биринин башкы директору катышкан туруктуу кылмыштуу топтун бети ачылды.

Тактап айтканда, бул кылмыштуу топ Бишкек шаарында бир катар кыймылсыз мүлкү бар жарандарды аныктап, аларга айтпай жасалма келишимдерди түзүп, ошону менен кыймылсыз мүлктүн ээлерин алмаштырып, андан кийин кылмыштуу аракеттерин жаап-жашыруу үчүн Бишкек шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлерине пара берүү жолу менен кыймылсыз мүлктүн электрондук базасына жалган маалыматтарды киргизишкени аныкталды.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында курулуш компаниянын биринин башкы директору А.М. кармалып, КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы кылмыштуу топтун мыйзамсыз аракеттеринин ушул ишке окшогон фактыларын аныктоо иштери улантылууда.

Количество просмотров: 434