• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте куураган чөп өрттөнүп 49 жаштагы адам күйүк алды

29 Баш оона 2018 10:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.08.2018.Govori.TV.

Бишкек шаарынын Жал кичи районунда жайгашкан №:15-үйдүн жанында ачык аянтта куураган чөп күйгөн. Тилсиз жоонун кесепетинен 1969-жылы туулган эркек киши бутунан күйүк алып, аны «Тез жардам» кызматы №4 шаардык ооруканага алып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.
Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.
Количество просмотров: 48