Бишкек шаарында уюшма кылмыштуу топтун өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.
Маалыматка карганда, ШИИБге борбор калаага кылмыш кылуу максатында атайын топ келгени тууралуу маалымат түшкөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери шектүүлөрдүн изине түшүп, 20 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жети адам курал-жарактар менен кармалган. Алар оор жүк ташуучу айдоочуларды тоноого тиешеси бар деп да шектелүүдө.
Кармалгандар шаардык Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Кылмышка шектүүлөрдү кармоо учурунда жанынан табылган курал-жарак экспертизага жөнөтүлдү.