• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын ТИМ башчылары жолугушту

28 Бугу 202115:04 Бишкек Govori.TV

Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди расмий иш сапары менен Кыргызстанга келген.

Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери тар жана кеңири форматта жолугушуу өткөрүшөт.

Жолугушууда тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, регионалдык коопсуздук жана чек ара кызматташтыгында, ошондой эле өз ара кызыкчылык жараткан көп тараптуу өз ара аракеттенүүдөгү кыргыз-казакстандык кызматташтыгынын күн тартибиндеги маселелерди карашат.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө өз ара соодадагы тоскоолдуктарды жоюу жана кыргыз-казакстандык мамлекеттик чек арасынын жүк ташуучуларынын тоскоолдуксуз өтүүсүн ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат

Количество просмотров: 154