• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте кыз ала качкан жаран кармалды

9 Жалган куран 2021 18:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кыз ала качканга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Мааалыматка ылайык, 8-март күнү болжол менен саат 19:50 чамасында Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Ак-Өргө жаңы конушунун Курманжан-Датка көчөсүнөн кыз ала качып кетишти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1996-жылы туулган С.А. аттуу кызды чала тааныш жаран кыздын эркине каршы үйлөнүү максатында ала качып кеткендиги белгилүү болгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган Н.Р. аттуу жаранды кармашып, Ленин райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен.

Бул факты боюнча Ленин райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жооруктардын бирдиктуу реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 175-берененин (Адамды никеге туруу максатында уурдоо) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Количество просмотров: 287