Бишкекте апасы менен кызын белгисиз адамдар өлтүрүп кетишти. Маалыматты Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 12-май күнү 11:25 чамасында Бишкек ШИИББинин «102» кызматына Жибек Жолу жана Ибраимов көчөлөрдүн бириндеги турак үйдөн эки аялдын жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу эки аялдын киши колдуу каза болгонун аныкташкан. Алар 1958-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган А.А. аттуу жарандар экени такталган.
«Учурда милиция кызматкерлери жеринде иштеп жатышат. Кошумча маалымат берилет», — деп жазылат маалыматта.