• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Бишкекте маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет

2 Жетинин айы 20229:28 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 2-ноябрда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, программа боюнча, саат 12:00дө филармониянын кичи залында маданият кызматкерлерине министрликтин ведомстволук сыйлыктары тапшырылат.

Ал эми саат 14:00дө чоң залда атайын даярдалган концерттик программа өтөт.

Кошумчалай кетсек, 2-ноябрь Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы. 1926-жылы 2-ноябрда Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу Молдогазы Токобаевдин «Кайгылуу Какей» аттуу драмасы сахналаштырылган. 

Бул датаны эске алып 1995-жылы 28-июлда кыргыз өкмөтү Маданият ишмерлеринин күнүн 2-ноябрда белгилөө тууралуу №318 токтомун чыгарган. Кыргызстанда учурда 20 миңге чукул маданият кызматкери иштейт. 

Количество просмотров: 223