• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Маданият кызматкерлеринин айлыгы 50%дан 100%га чейин көтөрүлдү

18 Тогуздун айы 2022 11:42 Бишкек Govori.TV

Маданият министрлигинин карамагындагы 456 мекеменин, тактап айтканда 19 миң 425 кызматкердин айлыгы 50%дан 100%га чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-октябрда өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, маяналар Министрлер кабинетинин эки токтомунун негизинде көтөрүлгөн.

“Токтомдордун негизинде бюджеттен кошумча 2 млрд 100 млн сом талап кылынды. Анын ичинен 1 млрд 176 млн сом республикалык бюджеттен каржылануучу маданий мекемелер үчүн, 422 млн 279 миң сом маданият тармагында билим берүү мекемелери үчүн жана 400 млн 871 миң сом жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынан каржылануучу маданий мекемелер үчүн бөлүндү”, — деди ал.

Количество просмотров: 223