• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте мас абалында унаа башкарган 1 миң 967 айдоочу кармалган

7 Аяк оона 2022 15:59 Бишкек Govori.TV

Бишкекте акыркы сегиз айдын жыйынтыгында жол эрежелерин бузуу фактылары боюнча 213 миң 302 протокол толтурулган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Протоколдордон мамлекеттик бюджетке 105 млн 249 миң 690 сом өндүрүлгөн.

Протоколдор төмөнкү бузуулар боюнча толтурулган:

  • автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо 1363;
  • мас абалында автоунаа башкаруу 1967;
  • авто ээнбаштык 40;

-автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо 444;

  • коопсуз курун тагынбай автоунаа башкаруу 49 миң 300;
  • токтоо эрежелерин бузуу, тыюу салынган жерлерге унааларды токтотуу 113 миң 970;
  • жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин жол эрежесин бузуусу 17 миң 150 ;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары 29 миң 68;

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 17 миң 159 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Ошондой эле кайгуул кызматы тарабынан «102» линиясы боюнча 40 миң 892 чакыруу тейленген.

Количество просмотров: 128