• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте мас абалындагы кыз 3-кабаттан секирүүгө аракет кылды

24 Кулжа 2022 12:27 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйдүн батиринен жаш кыз 3-кабаттан боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 23-июнь күнү саат 07:32 чамасында Бишкек шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгынын “102” кызматына Бишкек шаарынын Щевченко көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн 3-кабатынан белгисиз кыз секиргени жатканы тууралуу чакыруу түшкөн.

Милиция кызматкерлери дароо чакыруу болгон жерге барышып, ошол эле күнү саат 04:30 чамасында «А.» аттуу кыз мас абалында ижарага алынган батирде кыйкырып баштаганы маалым болгон, буга байланыштуу кошуналар милицияга кайрылышкан.

Андан соң Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ГОМ-1 коомдук коопсуздук кызматынын инспекторлор тарабынан 1992-жылы туулган А.Д аттуу жаран жана өзүн тааныштуруудан баш тарткан «А» аттуу кыз жеткрилген.

Ошондой эле «А» аттуу кызды суракка алуу мүмкүн болгон эмес, анткени ал мас абалында болгон.

Учурда бул факты боюнча КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим кабыл алуу максатында тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 382