• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Бишкекте мэрди шайлоого каршы нааразычылык акциясы өтүп жатат

6 Баш оона 2018 12:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 06.08.2018.Govori.TV.
Учурда мэриянын алдында жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров мэрди шайлоого каршы «Мэр шайланат! Бекитилбейт! Токтоткула!»,- аттуу нааразычылык акциясын өткөрүп жатат.
Ал мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаганы үчүн ушул кадамга барганын айтат.
«Биз жөн эле төш каккылап, ФБда баатыр болуп,пост жазып, тегерек столдордо чогулуп, жарма патриот болгондон алыс болушубуз керек. Бул кадамдар жыйынтык алып келбейт! Качан биз сөздөн ишке өткөндө өнүгө алабыз. Айткан сөзүңдү конкреттүү иш аракет менен далилде, ошондо мен ишенем,ыраазы болом!»,-дейт ал.
Баса белгилей кетсек жарандык активист мэрди шайлоого таптакыр каршы.
«Мамлекеттик тилде сабаттуу жаза албаган адам кантип шаар башкара алсын. Ал өзүнүн бизнесин коргоо максатында шаар башчылыгына келе жатат. Мындай адамдар бизге керек эмес!»,- деген пикирин билдирди.
Эске салсак, нараазычылык акциясын ал жалгыз өткөрүүдө. Бирок, жалгыз болгонуна карабай чындык үчүн күрөшө берээрин айтты.
Количество просмотров: 32