• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бишкекте «Мерседес Спринтер» унаасы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен

13 Теке 2020 15:00 Бишкек Govori.TV

Бишкекте бир жарандын «Мерседес Спринтер» унаасы Чоң Чүй каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Кайгуул милициясынан билдиришкендей, ал унаа жол кырсыгына учураган эмес. Унаанын айдоочусу аны каналдын жээгине токтотуп кеткен. Унаанын кол тормозу иштебей, ал каналга түшүп кеткен.

Кайгуул милициясынын кызматкерлери айдоочу менен сүйлөшүп, ага эскертүү берген.

Количество просмотров: 552