Бишкектин Биринчи май районунда 10-күнү Патрис Лумумба көчөсүндө Чоң Чүй каналына түшүп кеткен 5 жаштагы бала дагы эле табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
ӨКМ, сууга чөгүп кеткен баланы издөө иштерине 26 куткаруучу тартылганын, азырынча жыйынтык болбой жатканын кабарлады.
«10-августта Чоң Чүй каналына 2015-жылы төрөлгөн бала чөгүп кеткен. Бүгүн, 13-августта издөө иштерин улантуу максатында саат 06:45те жалпы 26 куткаруучу тартылган. Издөө иштери уланууда»,-деп айтылат маалыматта.