• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Бишкекте ипотекага берилүүчү үйлөрдүн ачкычы тапшырылды

11 Бештин айы 2023 10:00 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу берилүүчү үйлөрдүн үй ээлерине ачкычтарды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.

“Мамлекеттик ипотекалык компания” ААК менен “Керемет Банк” ААК ортосундагы биргелешкен долбоордун алкагындагы көп кабаттуу үйдүн курулушу аяктады.

Бул долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Арзан ипотека” багыты боюнча “Менин үйүм 2021-2026” программасынын алкагындагы жүзөгө ашырылды.

Белгилей кетсек, 9 кабаттан турган 108-сериядагы турак-жай Бишкек шаарындагы Анкара көчөсүндө жайгашкан. Сапаттуу курулуш материалдарын колдонуу менен тиешелүү талаптарга ылайыкталып салынган үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган. Курулуш ишин “Фаворит Строй Групп” ЖЧК жүргүзгөн.

Кошумчалай кетсек, Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган жарандар насыяны турак-жай наркынын 20%зын төлөө аркылуу, жылдык үстөк пайызы 8% менен 25 жылга алышты.

Количество просмотров: 82