• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте милициянын унаасынын катышуусунда жол кырсык болду. Жабыркагандар бар (сүрөт)

8 Теке 202223:37 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Москва көчөсү менен Шопоков көчөсүнүн кесилишинде милиция кызматынын унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталды.

Маалыматка ылайык, жеңил унаа Биринчи май райондук милиция бөлүмүнүн кызматтык унаасы кагылышкан. Кагылышуудан улам жеңил унаа оордарылып калган.

Эки унаада тең жабыркагандар бар. Учурда жабыркагандарды тез жардам кызматы алып кетти. Ал эми жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда.

Количество просмотров: 5427