• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Бишкекте митингдерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы узарды

29 Аяк оона 2023 16:25 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жергиликтүү бийликтин митинг-пикеттерди чектеген чечиминин мөөнөтү дагы үч айга узартылды.

Бүгүн 29-сентябрда Биринчи Май райондук соту райондук администрациянын тынч жыйындар өтчү жерлерди чектөө тууралуу арызын канааттандырган чечим чыгарды.
Райондук администрациянын 28-сентябрдагы чечиминде тынч жыйындарды өткөрүүгө 1-октябрдан 31-декабрга чейин бир катар жерлерде тыюу салынары айтылган. Ал жерлер – Ала-Тоо аянты жана Эркиндик бульварынын темир жол вокзалынан тартып аянтка чейинки тилкеси, Жогорку Кеңештин айланасы жана анын жанындагы И.Панфилов паркы, Өкмөт үйү жана анын жанындагы Т.Турсунбаева бакчасы, Жогорку соттун, Орусия элчилигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жанындагы жерлер.

Бул чектөө 2022-жылдын март айында кабыл алынган. Ошондон бери мөөнөтү улам үч айга узартылып келе жатат. Соңку чектөө 30-сентябрга чейин деп аныкталган.

Мындан тышкары Ленин районундагы президенттик резиденция, Бишкек мэриясы, Украинанын, АКШнын элчиликтери жана улуттук филармония жайгашкан жерлер боюнча да тыюу салынганы кабарланган.

Акция өткөрүүнү каалагандар М.Горький атындагы бакчага чогулса болот.

Количество просмотров: 144