Бүгүн, 28-апрелде Бишкек шаарында «Өлкөбүздөгү митингдер элди тажатты» аталышындагы акция өттү.
Нааразычылык акциясына чыккандар президент Садыр Жапаровдун иштешине убакыт берүү керектигин айтышууда.
«Өлкөдө азык-түлүккө, күйүүчү майга жана башка нерселерге болгон баа өсүп жатат. Ошол эле учурда башка мамлекеттерде деле жашоо кымбаттап жатат. Мамлекеттик бюджетте каражат жок болуп жатса, айлык маянаны көтөрүү боюнча айтып жатабыз. Кырдаалды түшүнүү менен кабыл алсак. Саясат менен митингдерден эл тажады», — дейт акциянын катышуучусу.