• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте митингге чыккандарды таратып жаткан учурда милиция кызматкери жаракат алды

2 Жалган куран 2020 20:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында митингге чыккандарды таратып жаткан учурда милиция кызматкери жаракат алды. Ага таш тийгенин ИИМдин медицина башкармалыгынын башчысы Нурдин Медеров билдирди.

Анын айтымында, азырынча канча милиционер жаракат алганы тууралуу маалымат жок. Окуя болгон жерде 2 тез жардам бригадасы иштеп, бирок эч ким медициналык жардам үчүн кайрылган жок.

Ал эми ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев билдиргендей, баары мыйзам чегинде болду. «Алар жолду жапканда, биздин кызматкерлер аларды сүрүп баштады», — деди ал.

Рейддик иш-чаралар түнү бою улантылат.

Митингчилердин негизги талабы мурунку депутат Садыр Жапаровду актап, камактан бошотуу болду.

Количество просмотров: 906