• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Бишкекте мончо жана унаа жуучу жайлардын ишине качан уруксат берилет?

5 Кулжа 2023 17:30 Бишкек Govori.TV

Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев бир айдын аралыгында борбордогу унаа жуучу жайларга, мончолорго жана бассейндерге суу колдонууда киргизилген чектөөлөр алына турганын айтты.

Ал белгилегендей, бүгүнкү күндө калк сууну сарамжалдуу пайдаланса, анда абал турукташат.

«Биз унаа жуучу жайларды кыдырып, ээлери менен сүйлөштүк. Алар жагдайды түшүнүп, көптөгөн унаа жуучу жайлар суу тартыштыгы маалында иштерин токтотту. Абал турукташса, бардык чектөөөлөр алынат», — деди Шамыралиев.

Эске сала кетсек, 3-июнда суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Анын натыйжасында айрым мончо жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылды.

Количество просмотров: 82