• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Бишкекте мугалимден кургак учук аныкталды. Министрлик эмне дейт?

29 Жетинин айы 202217:11 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарындагы №33 мектеп-гимназиянын мугалиминен кургак учук аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, диагноз алдын ала текшерүүдө коюлган. 1965-жылы туулган жаран Ч.А. 2022-жылы 14-ноябрда №1 үй-бүлөлүк медицина борборунун филиалына кайрылып, ал жактан какырык микроскопиясына жөнөтүлгөн. Ошентип, 15-ноябрда аталган медборбордо өпкө кургак учугу диагнозу менен каттоого турган (дарылоо амбулаториялык негизде жүргүзүлөт).

Учурда Бишкек шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан аталган учур боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүп, мугалим жумушка медициналык текшерүүсүз алынганы аныкталган.

«Мектепте буга чейин дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, байланышта болгон балдар да медициналык кароодон өткөрүлүүдө жана байланышта болгон балдарга жалпы кан жана заара анализи берилип, рентгендик текшерүү да жүргүзүлүүдө. Өз кезегинде 15 жашка чейинки балдарга манту тести берилет. Жалпысынан байланышта 15 жашка чейинки 163 мектеп окуучусу аныкталып, анын ичинен 130 окуучу манту текшерүүсүнөн, 6 бала рентгенден, 33 бала текшерүүдөн өтүүдө»,-деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 78