• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бишкекте мыйзамсыз жүргөн Пакистан жана Бангладештин жарандары аныкталды

15 Чын куран 2024 13:17 Бишкек Govori.TV

УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаарынын аймагында өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын бузуу менен жүргөн чет элдик жарандар аныкталды. Бул тууралуу атайы кызматтын басма сөз борбору кабарлады.

Маалыматка ылайык, 14-апрелде Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ар кандай убактылуу жашаган жерлеринде Пакистан жана Бангладештен келген 130дан ашык чет өлкөлүк жарандар аныкталып, алардын ичинен 64 адам виза мөөнөтү өтүп кеткен жана каттоосу жок жүргөн.

«Аталган чет элдик жарандар өлкөгө коомдук тамактануу, жеткирүү кызматтары, курулуш жана кийим тигүү тармагында ишке орношуу максатында мыйзамдуу түрдө келишкен. Бирок алардын көбүнүн тиешелүү квалификациянын жоктугу жана айлык акынын аздыгы көйгөйү болуп жатканы аныкталды.

Мындан улам, УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте чет элдик мыйзам бузуучуларга тиешелүү айып салуу менен административдик протоколдорду түздү. Мыйзамга ылайык, чет элдиктер келген өлкөлөрүнө депортацияланат», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 196