Бишкекте Нурлан Мотуев кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-июлда милиция кызматкерлери Нурлан Мотуевди социалдык тармактардагы видеолору боюнча маектешүүгө Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткиришкен учурда Мотуев өзүн агрессивдүү алып жүрүп, милиционерлерди орой сөздөр менен сөгүп баштаган.
Натыйжада, соттун чечими менен Нурлан Мотуев 126-берене (Майда бейбаштык) менен беш суткага камакка алынды.