• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Бишкекте ок-дары жана курал катылган жер табылды

9 Аяк оона 202112:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар катылган жер табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, “7,62 мм” калибрдеги ок-дарылар жана «ПМ» маркасындагы номерлери өчүрүлгөн тапанча табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алынган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн.

«Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдарды, жана ошондой эле куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 347