• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бишкекте окуучу кызды сабаган өспүрүмгө кылмыш иши козголду

1 Бугу 2022 13:32 Бишкек Govori.TV

Социалдык тармактарда 3-класста окуган кызын жогорку класстын окуучусу — өспүрүм бала катуу сабап койгонун апасы жазып чыкты. Анын сөзүнө караганда, токмоктон улам эсин жоготкон кыз аны таап алышканга чейин бир нече саат бою мектептин артында, короодо жаткан.

Ленин райондук милициясынын маалыматына караганда, бул окуя №58 орто мектепте катталды. 27-апрель күнү саат 16:00 чамасында 12 жаштагы Б. Э. аттуу кыздын жоголгону, мектепке кеткен боюнча кайрылбаганы тууралуу маалымат түшкөн. Райондук жашы жетелектер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери саат 18:00 чамасында кызды мектептин артынан оор абалда жаткан жеринен таап, ооруканага жеткиришкен.

Секелекти сабоого шек саналган 14 жаштагы өспүрүм ошол эле күнү аныкталып, милицияга жеткирилген. Өспүрүмдүн үстүнөн Кылмыш кодексинин 280-беренеси («Ээнбаштык») боюнча кылмыш иши козголду. Соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Количество просмотров: 2517