• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте педофилдер тобу пайда болду деген маалыматка ИИМ үн катты

21 Бугу 2021 12:31 Бишкек Govori.TV

ИИМдин басма сөз кызматы «социалдык тармактардагы Бишкекте педофилдердин тобу пайда болду деп таркап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт» деген билдирүу таратты.

Маалыматта жалган маалыматтын таркашына жол бербөө айтылган.

“WhatsApp мессенджери аркылуу, айрыкча ата-энелердин платформасында шаарда педофилдердин тобу пайда болгону тууралуу жалган маалымат таркап жатат. Маалыматты тактоого, коомчулукту дүрбөлөңгө салбоого чакырабыз. Биз жарандарды такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтарды бөлүшпөөгө чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 259