• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бишкекте үрөй учурган кырсык катталды (сүрөт)

23 Аяк оона 2020 11:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Үмөталиев менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсык болду. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-сентябрда саат 23:00дөр чамасында болгон. Анда эки унаа кагылышып, натыйжада бир унаанын айдоочусу алган жаракатынан улам ооруканага жеткирилген.

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Ал эми кырсыкка катышкан эки унаа айып коросуна токтотулган.

Количество просмотров: 14355