Бишкек ШИИББдин кызматкерлери 3-июлда «Притон» профилактикалык иш-чарасын өткөрүштү.
Рейддин жүрүшүндө милиция кызматкерлери сойкулук менен алектенген кыздарды, ошондой эле интимдик кызматтарды көрсөткөн мейманканаларды же сауналарды аныкташкан. 30дай кыз милицияга жеткирилип, аларга карата административдик протокол түзүлүп, жалпы суммасы 100 миң сомдук айып салынды.